Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы алгачкы жолдоштук футболдук беттешке барды.
Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Мамлекет башчысы менен бирге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да оюнга барышты.
Белгилей кетсек, эл аралык деңгээлдеги бул беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия кубогуна даярдыгынын маанилүү этаптарынын бири болуп саналат.