Садыр Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Президент Загрузка... 05 Июнь 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды.

Мамлекет башчысы Европа биримдиги менен өз ара аракеттенүү жана “Борбор Азия – Европа биримдиги” форматында аймактык кызматташууну чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров Европа биримдиги менен ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу жана Global Gateway демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Эдуардс Стипрайс мамлекет башчысын Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул жетишкендик өлкөнүн жүргүзүп жаткан тышкы саясатына карата эл аралык коомчулуктун жогорку баасынын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен дипломатиялык кызматтарынын биргелешкен эмгегинин натыйжасынын далили экендигин айтты.

Ал өткөн жылы Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы алакалар бир кыйла өнүккөнүн баса белгиледи.

Эдуардс Стипрайс "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны Кыргызстандын ЕБ менен кызматташтыгынын флагмандык долбоорлорунун бири катары атады. Ал долбоорду ишке ашыруу чөлкөмдүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, регионалдык кооперацияны өнүктүрүүгө жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен энергетикалык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар кыргыз-европа өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даярдыктарын ырасташты.