Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушуна ата мекендик материалдарды колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасынын иши менен таанышты. Анда президент Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында курулуп жаткан МИКтин үйлөрүнө аталган ишкананын продукциялары алынып жаткандыгына кызыкты. Ишкана өкүлү өндүрүшкө карата жасалма терс пикирлер айтылып жаткандыктан, учурда МИК менен кызматташпай жатышканын билдирди.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров мурда Германия жана Түркиядан ташылып келген түтүктөр эми өлкө ичинде өндүрүлүп жатканын баса белгиледи. Ишкана жетекчилиги мурда ташып келүү чыгымдары продукциянын өз баасынан кымбат түшкөнүн, ал эми азыр ата мекендик продукциянын баасы жеткиликтүү жана сапаты жогору болуп жатканын маалымдады.
“Биз 2023-жылдан тарта полимер түтүктөрүн чыгара баштадык. Негизинен, бул түтүктөр ирригация тармагындагы суу жоготууларын азайтуу үчүн колдонулат. Учурда биздин продукцияны өлкөдөгү ГЭС кургандар жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочулары сатып алышууда. Ошондой эле Ош шаарындагы таза суу долбоорлорун ишке ашырууда да биздин түтүктөр колдонулуп келет. Алар импорттук товарларга караганда бир топ арзан жана сапаты боюнча эч калышпайт”, — деп билдирди ишкана өкүлү.