Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. "Бүгүн Борбор Азия үчүн атаандаштыктан биргелешкен илгерилетүүгө жана аймактын жалпы инвестициялык брендин түзүүгө өтүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бири-бирибиз менен өзүнчө атаандашуу аркылуу миллиондогон гана каражат тарта алабыз. Ал эми Борбор Азияны бирдиктүү аймак катары биргелешип таанытуу менен миллиарддаган инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк ачылат", — деп белгиледи президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Агенттиктен билдиришкендей, бул демилге V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өткөн "Инвестицияларды биргелешип илгерилетүү үчүн аймактык платформаны түзүү" темасындагы тегерек столдо айтылды.
Иш-чарада ведомство башчысы эл аралык инвесторлор Борбор Азияны барган сайын бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары карап жатканын айтты. Ал аймактык кызматташтыкты чыңдоо максатында Борбордук Азиянын инвестицияларды илгерилетүү агенттиктеринин тармагын (CA-IPAN) жана Бирдиктүү инвестициялык порталды түзүүнү, ошондой эле аймакты "Invest Central Asia" бренди менен таанытууну сунуштады.
Мындан тышкары, кыргыз тарап инвестициялык долбоорлорду "бирдиктүү терезе" принциби боюнча коштоо тажрыйбасы жана инвесторлор үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү багытындагы иштери менен бөлүштү.
Жолугушуунун соңунда Равшанбек Сабиров катышуучуларды Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтө турган Инвестициялык форумга чакырды. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында өтөт.