Президент окуу акысын жогорулатууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Президент Загрузка... 02 Май 2026 10:00
1048146251_0_0_3103_1745_1920x0_80_0_0_1b8f1eb3e2151437daa2dfbeab26cf35.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

- 2026–2027-окуу жылы кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында алардын уюштуруу-укуктук формасына жана статусуна карабастан Кыргызстандын жарандары үчүн акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди жогорулатууга мораторий киргизилсин.