Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 18 Июнь 2026 12:05
1755501891.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-июнда күндүн экинчи жарымында жана 19-июндан 22-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.