Салык кызматы: Декларация тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт

Экономика Загрузка... 14 Апрель 2026 16:10
2022-03-28_11-54-29_381199.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу зарылдыгын эскертти.

Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш:

– Жеке ишкерлер (патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында жана бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5%  жана 1% ставкалары боюнча иштегендерден, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынан тышкары);

– Эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КРнын жарандары;

– Отчеттук мезгил ичинде кирешесинен киреше салыгы кармалбаган жеке жактар.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жеке жактар ыктыярдуу негизде, анын ичинде, социалдык жана мүлктүк чегерүүлөрдү колдонуу аркылуу киреше салыгын кайтарып алуу үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга укуктуу.

Эске салсак, декларация электрондук түрдө cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу тапшырылат.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 телефону аркылуу, ошондой эле www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.