Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда Samsung C&T компаниясынын ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири катары ишмердүүлүгүн талкуулашты.
Өзгөчө көңүл компаниянын катышуусу менен Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларына бурулду.
"Кыргызстан инвестициялык жагымдуу жана туруктуу чөйрөнү түзүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет. Биз ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу тажрыйбасы бар Samsung C&T сыяктуу эл аралык компаниялар менен стратегиялык өнөктөштүккө ачыкпыз. Биргелешкен иш-аракеттер кошумча инвестицияларды тартууга гана эмес, ошондой эле өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт деп ишенем", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Улуттук агенттиктин башчысы Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле стратегиялык инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы демилгелерди тааныштырды.
Өз кезегинде Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле алар кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жогорку потенциал бар экенин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Samsung C&T компаниясынын катышуусу менен өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти.