Шамалды-Сайда стадион жаңыланып, футбол клубуна 1 млн сомдук сертификат берилди

Министрлер кабинети Загрузка... 27 Июнь 2026 20:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадиондун ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземинин алкагында "Шамалды-Сай" футбол клубунун тарбиялануучулары менен жолукту. Жолугушуу учурунда Адылбек Касымалиев жаңы түптөлгөн "Шамалды-Сай" командасынын ишмердүүлүгүн баштоо жана алгачкы өнүгүүсүн колдоо максатында министрлер кабинети тарабынан берилген 1 миллион сомдук сертификатты өз колу менен тапшырды. Бул арена эми "Шамалды-Сай" клубуна өз кызматын кылат.

Аталган спорттук объект аймактагы эң эски спорттук жайлардын бири. Ал 1961-жылы энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн курулуп, көп жылдар бою шаардагы негизги спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жай болуп келген.

2023-жылдын декабрь айында стадионду толук реконструкциялоо иштери башталган. Жалпы аянты 1,79 гектар болгон спорт комплекси 1335 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Комплексте заманбап футбол талаасынан сырткары, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо жолдору, ошондой эле спортчулар жана көрүүчүлөр үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган.

Ошондой эле минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Кочкор-Ата шаарындагы "Нефтчи" футбол клубунун жаңы окуу-машыгуу базасынын абалы менен таанышты. Комплекс футболчулардын толук кандуу даярдыгы үчүн бардык шарттарды түзөт. Ал жерде 30 орундуу мейманкана, машыгуу залы, конференция залы, медициналык жана калыбына келтирүү бөлмөлөрү, ошондой эле талаптарга жооп берген заманбап машыгуу талаасы жайгашкан.

Жаңы объектилер Жалал-Абад облусундагы спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаштар арасында спортту массалык түрдө жайылтуу багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында пайдаланууга берилди.