ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Координациялык штаб күнү-түнү иштөөгө өттү

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбековдун төрагалыгы алдында Координациялык штабдын жыйыны өттү.

Штаб президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана башка ири иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо максатында түзүлгөн.

Адилет Орозбеков биргелешкен иштин негизги милдети коопсуздукка болгон коркунучтарды өз убагында аныктап, аларды нейтралдаштыруу, ошондой эле мекемелер аралык чечимдерди ыкчам кабыл алуу экенин айтты.

Белгиленгендей, бардык тобокелдиктер алдын ала аныкталып, өз убагында жоюлушу керек.

Координациялык штаб эл аралык иш-чаралар өтүүчү жерлерге жеринде чыгып иштөө мүмкүнчүлүгү менен күнү-түнү ыкчам режимде иш алып барат.