Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Швейцарияда калктын санын 10 миллион адам менен чектөө тууралуу сунуш жалпы элдик добушка коюлат. Бул демилге боюнча референдум июнь айынын ортосунда өтө тургандыгын Известия кабарлады.
Маалыматка ылайык, сунушту өлкөдөгү таасирдүү оңчул партия - Швейцариянын Элдик партиясы (SVP) колдоодо. Эгер өлкөнүн туруктуу калкынын саны 2050-жылга чейин 9,5 миллионго жетсе, автоматтык түрдө чектөө чаралары киргизилет.
Учурда калктын саны 9,1 миллион. 2000-жылдан бери бул көрсөткүч 25%га өскөн. Бул өсүш негизинен иммигранттардын агымы менен байланыштуу. Анын 27%зын чет өлкөлүк жарандар түзөт. Бул Европадагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.
SVP партиясы калктын тез өсүшү инфраструктурага күч келтирип, айлана-чөйрөгө зыянын тийгизип, ижара акысын кымбаттатып жатканын айтат. Ошондой эле бул демилге коомчулук арасында олуттуу колдоого ээ экенин белгилейт.
Эгер калктын саны 10 миллиондон ашып кетсе, өкмөт ага карата мүмкүн болгон чараларды көрөт. Анын ичинде Швейцария менен Евробиримдиктин ортосундагы жарандардын эркин жүрүүсү тууралуу келишимди кайра карап чыгуу же токтотуу да каралган.
Ал эми адистер бул демилгенин кесепети да болушу мүмкүн экендигин эскертишет. Эл аралык рынокко иштеген Nestle, Novartis жана Roche сыяктуу ири компаниялар чет өлкөлүк адистерден көз каранды. Мындай чектөөлөр компаниялардын башка өлкөлөргө көчүп кетишине, салыктын азайышына, инновациянын жайлашына жана кызмат көрсөтүүнүн сапатынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн деп эсептешет.