Соң-Көл жана Кел-Сууда туристтердин коопсуздугу көзөмөлдө – милиция

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Нарын ОИИБ

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Соң-Көл жана Кел-Суу көлүнүн жээктеринде жана эс алуу аймактарында туристтердин коопсуздугу тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул жайларда Туристтик милиция кызматкерлери ички жана чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу багытында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле туристтерге эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо, айлана-чөйрөнү таза кармоо жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда тиешелүү кызматтарга өз убагында кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облустук милициясы туристтерди мыйзам талаптарын сактоого, жеке коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана коомдук тартипти биргелешип камсыздоого чакырат.