Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Сомалиде Starsky Aviation авиакомпаниясынын учкучу 55 адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, учакта 50 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болуп, алардын баары аман калды. Starsky Aviation компаниясы билдиргендей, учкучтун ыкчам чечим кабыл алуусу жоготуулардын алдын алган.
Fokker 50 үлгүсүндөгү учак Могадишодон учуп чыккандан көп өтпөй техникалык мүчүлүштүк аныкталып, экипаж шашылыш кайтууга уруксат сураган. Конуу учурунда учак учуп-конуу тилкесинде токтой албай, анын чегинен чыгып кетип Инди океанынын жээгинде токтогон.
Жүргүнчүлөр өз алдынча учактан чыгып, суудан жээкке чыгышкан. Куткаруу иштерине дарыгерлер, БУУнун бөлүмдөрү жана Африка союзу миссиясы тартылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, олуттуу жаракат алгандар катталган эмес.