Бишкек, 08.04.26. / “Кабар”/. Кыргызстанда 2030-жылга чейин туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлду. Эксперттердин баамында, бул тармак экономиканын өсүшүнүн маанилүү чекиттеринин бири боло алат. Бул сектор олуттуу инвестицияларды жана инфраструктуралык жакшыртууларды талап кылат, бирок анын өнүгүүгө жана ИДПнын түзүмүнө олуттуу салым кошууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Учурда бул үлүш болжол менен 4%ды түзөт, ал эми келечекте аны кеминде эки эсеге көбөйтүү менен 10%га чейин жеткирүүгө болот.
Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жакында өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанга келген саякатчылардын жана эс алуучулардын агымы байкаларлык өскөнүн тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди. Алсак, 2025-жылы өлкөбүзгө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 10 миллиондон ашык турист келген. Быйыл бул көрсөткүч кеминде 10%га өсүшү күтүлүүдө.

"Буга байланыштуу туристтик мезгилге кызуу даярдык көрүп жатабыз. Инфраструктураны жакшыртуу менен тейлөөнүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып баруудабыз”, - деп Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Жергиликтүү эксперттер белгилегендей, туризм экономиканын ишенимдүү өсүшүн көрсөткөн драйверлердин бирине айланды.
Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтары:
Туристтик кызматтардын экспортунан түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашып, 1,098 млрд долларды түзүү менен 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га көп болду. Тармактык ИДПга кошкон салымы 3,8%ды, ал эми дүң кошумча нарк 74,4 млрд сомду түздү. Туризм секторуна 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект тартылып, бул бизнестин катышуусунун жогорку деңгээлин чагылдырат.

Өлкөнү эл аралык аренада таанытуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана сервистин сапатын жогорулатуу, туристтик агымдардын географиясын кеңейтүү, ошондой эле ички туризмдин жана аймактардагы ишкердик активдүүлүгүнүн өсүшү өнүгүүнүн негизги факторлору катары аталды.
Эгерде 15–20 жыл артка көз чаптырсак, ал мезгилде туризм тармагынын негизин Ысык-Көлдүн жээгиндеги эскирген советтик пансионаттар жана Караколдогу лыжа базасы гана түзчү. Учурда курорттук аймактагы мейманканалардын жана туристтик шаарчалардын саны, анын ичинде жогорку деңгээлдеги эс алуу жайлары бир нече эсеге көбөйдү. Көпчүлүк комплекстер конокторду жыл бою кабыл алышат, анткени Ысык-Көлдөгү кыш өзгөчө колорит жана жай мезгилине караганда такыр башкача көрүнүштөрдү камтыйт. Өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү кооз жерлер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жөө жүрүүчү маршруттар жана этнотуризм сыяктуу кызыктуу багыттар өнүгүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ыңгайлуу эс алуу жайлары менен камсыздалган 20га жакын лыжа трассасы иштеп жатат. Жыргалаңга жакын Ысык-Көлдүн жээгинде курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” комплексине токтоло кетсек, бул Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластери болмокчу. Тоо боорлорунда 250 чакырымдык лыжа трассалары салынып, коноктор 3-5 жылдыздуу апартаменттерге жайгаша алышат. Долбоор заманбап эл аралык талаптарга жана жогорку экологиялык стандарттарга жооп берет. “Ала-Тоо Резорт” жылына 850 миңге чейинки туристти кабыл алып, тейлөөгө ылайыкталган.

Эксперттер белгилегендей, туризм тармагынын өнүгүүсү өлкөнүн бардык аймактарында байкалууда. Бишкек шаарына жакын жайгашкан лыжа тебүүчү эс алуу жайларынын кандайча өзгөргөнүн көрүүгө болот. Борбор калаанын этегиндеги лыжа базалар заманбап шарттары менен жайлуу шаарчаларга айланды. Ушундай эле көрүнүш Ала-Арча капчыгайында да байкалып, заманбап технологиялар жаратылышка жана уникалдуу тоо ландшафтына көрк берүүдө. Жакында эле ишке кирген асма жол Карпат менен Альп тоолорунан кем калышпаган кооздук тартуулайт.
Экономика жана бизнес чөйрөсү боюнча эксперт Сергей Пономарев мындай темп менен өлкө бир нече жылдан кийин туризм тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча эң мыкты 50 өлкөнүн катарына кире аларын белгилейт.

“Албетте, коюлган милдет кыйла амбициялуу, бирок туура жана сабаттуу мамиле кылып, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар тараптуу колдоо жана бизнес-коомчулук менен кызматташуу болсо белгиленген максаттарга жетүү биздин колубуздан келет.
Туура стратегия тандалды, туризм тармагындагы долбоорлор кластердик ыкманы колдонуу менен ишке ашырылууда. Мурда жайкы сезондо 2-3 ай гана туристтик ишмердүүлүктүн негизги киреше булагы катары Ысык-Көлүбүз болсо, азыр конокторду жыл бою кабыл алуу менен тейлөөгө жөндөмдүү комплекстерге жана инфраструктурага басым жасалууда. Кышында кооз жерлердеги тоо лыжа базалары жана курорттор артыкчылыкка ээ.
Туристтер келгенде алар акчасын мейманканада жашоого жана тамак-ашка гана коротпостон, транспортко, эстелик белектерди сатып алууга жана башкаларга жумшашат. Башкача айтканда, бул жерде туризмдин аркасынан өнүгө турган экономика секторлорунун бүтүндөй бир чынжырчасы жатат.
Туризмдин аркасынан Кыргызстанда калган каражаттар киреше катары чогулуп, жергиликтүү бюджеттерге жана мамлекеттик казынага түшөт. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, социалдык төлөмдөр көбөйөт. Эгерде кырдаалга ушундай өңүттөн карасак, анда Кыргызстандын алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Эң негизгиси элибиздин меймандостугун, табиятыбыздын кооздугун, берметибиз болгон – Ысык-Көлүбүздү, тоолорубузду жана башка көптөгөн байлыктарыбызды унутпашыбыз керек”, - деди Сергей Пономарев.

Биздин тоолордогу көлдөрүбүз көптөгөн саякатчыларды да өзүнүн кооздугу менен таң калтырып келет. Ысык-Көлгө биринчи жолу келгендер биздин көлдү дүйнөнүн сегизинчи керемети деп аташат. Азыркы учурда республикада туризм тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу башталды. Табигый кооз жерлерде коноктордун ыңгайлуу эс алуусу жана убактысын ар тараптуу өткөрүүсү үчүн зарыл болгон бардык инфраструктура түзүлүүдө. Кыргызстандын бардык ири шаарлары өз ара авиакаттамдар менен байланышкан, бул туризмди өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт.
Эксперттер белгилегендей, туризм экономиканын маанилүү бир тармагы катары мамлекеттик бюджетке кен байлыктарды иштетүүдөн түшкөн каражаттан кем эмес киреше алып келе алат.