Онлайн кабыл алуу, электрондук маалымкаттар, автоматташтырылган стипендия жана мамлекеттик органдар ортосундагы маалымат алмашуу. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 100 күндүк реформанын алкагында билим берүү тармагын санариптештирүүнүн жаңы баскычын кандай ишке ашырууда? “Кабар” агенттиги бүгүн ушул теманын айланасында саресеп жүргүзөт.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршенбай уулунун айтымында, жогорку окуу жайларга кабыл алуу акыркы беш жылга жакын убакыттан бери толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүп келет.

“Абитуриенттер министрликтин электрондук платформасы аркылуу каалаган окуу жайына үйүнөн чыкпай эле, онлайн документ тапшыра алышат. Системага ЖРТнын сертификаты жана башка зарыл документтер жүктөлөт. Андан кийин абитуриенттер автоматтык түрдө ЖРТдан алган упайына жараша рейтингде жайгашат. Ар бир жогорку окуу жай бөлгөн бюджеттик квоталар толгонго чейин эң жогорку упай алган талапкерлер кабыл алынат. Эгер бюджеттик орундар толуп калса, абитуриенттер контракттык негизде окууга өтө алышат.
Бул системанын артыкчылыгы – бардык документтер автоматтык түрдө тийиштүү окуу жайга жөнөтүлөт. Ошондуктан студенттер окуу жайга кошумча документ ташып убара болбостон, 1-сентябрда түз эле окуусуна келишет”, – деди ал.
Анын айтымында, быйыл 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн колледждерге Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен кабыл алынышы боюнча киргизилген өзгөрүү дагы ушул платформага интеграцияланды.

Нурлан Шаршенбай уулу ошондой эле, министрлик Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарыялаган 100 күндүк реформанын алкагында бирдиктүү маалыматтык платформаны өнүктүрүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатканын белгиледи.
“Биз бул иштерге алдын ала даярдык көргөнбүз. Негизги максат – өлкөдөгү бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин бирдиктүү маалыматтык системага бириктирүү эле. Жалпысынан 240 билим берүү мекемеси бар болсо, анын 85и жогорку окуу жай, калгандары колледждер жана орто кесиптик окуу жайлары. Бүгүнкү күндө алардын 227си системага кошулду. Калган 6 пайызга жакын мекеме жакын арада толугу менен кошулат”, – деди ал.
Башкармалыктын башчысы белгилегендей, жаңы система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү кыйла жеңилдетти.
“Мисалы, 16–25 жаштагы студенттер Социалдык фонддон жөлөк пул алуу үчүн мурда окуган жеринен маалымкат алып барышчу. Азыр мындай талап жок. Социалдык фонд студенттин жеке идентификациялык номерин (ПИН) гана киргизет. Маалымат биздин платформадан автоматтык түрдө текшерилип, кайра фондго жөнөтүлөт. Ошентип, студенттерге кошумча маалымкат чогултуунун зарылдыгы жоюлду.

Мурда студент жөлөк пулду алуу үчүн жыл сайын маалыматын жаңыртып турушу керек болчу. Эми бул процесс дагы автоматташтырылды. Эгер студент окуусун улантып жатса жана окуудан чыгарылбаса, маалымат автоматтык түрдө жаңыланып турат. Бул маалымат алмашуу "Түндүк" электрондук системасы аркылуу жүргүзүлөт”, – деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле министрлик учурда башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын айтты.
“Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын маалыматын автоматтык түрдө алмашуу маселеси каралып жатат. Мындан тышкары, жакында Мамлекеттик кадр кызматы менен кызматташуу жөнүндө келишим түздүк. Эми алар биздин маалымат база аркылуу дипломдорду текшере алышат. Ушундай эле маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматы дагы пайдалана алат”, – деди ал.
Нурлан Шаршенбай уулу алдыдагы санариптик долбоорлор тууралуу дагы маалымат берди.
“Жыл сайын окутуучулар милдеттүү медициналык кароодон өтүшөт. Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги менен келишим түзүп жатабыз. Дарыгерге кайрылганда окутуучунун маалыматы "Түндүк" аркылуу автоматтык түрдө чыгат. Медициналык кароонун жыйынтыгы дагы биздин системага түз түшөт.

Ошондой эле 095 формасындагы медициналык маалымкатты дагы электрондук форматка өткөрүүнү пландап жатабыз. Эгер студент ооруп калса, медициналык мекеме маалымкатты электрондук түрдө түзүп, маалымат дароо биздин системага келет. Студент окуу жайына кагаз маалымкат алып барууга муктаж болбой калат”, – деди ал.
Мындан тышкары, министрлик мамлекеттик стипендияларды төлөө процессин дагы толук автоматташтырууну көздөөдө.
“Учурда №93 тескемеге ылайык, жогорку окуу жайлар жакшы окуган студенттердин тизмесин министрликке жөнөтөт. Андан кийин министрлик бардык маалыматтарды топтоп, Борбордук казынага өткөрүп берет. Бул көп убакытты талап кылган кол эмгеги болчу.
Жаңы система ишке киргенден кийин бардык маалыматтар автоматтык түрдө Борбордук казынага жөнөтүлөт. Андан соң студенттин телефонуна билдирүү келип, стипендия кайсы банктык эсепке же электрондук капчыкка которуларын өзү тандай алат. Бул эсепчилердин жана окуу жайлардын жүгүн кыйла жеңилдетет”, – деди башкармалыктын башчысы.
Анын белгилешинче, жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштеринин негизги максаты – мамлекеттик кызматтарды ыкчам, ачык-айкын жана бюрократиясыз көрсөтүү.
“Бүгүнкү күндө маалыматтар ыкчам иштетилип, отчеттор тез даярдалууда. Эң башкысы – студенттер ар кандай маалымкаттарды чогултуп, мамлекеттик мекемелерди кыдырып убакыт коротпой калды”, – деп жыйынтыктады Нурлан Шаршенбай уулу.
Абитуриенттерди жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү жакында башталат.

Жогорку, орто кесиптик жана дипломдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилованын айтымында, 2026–2027-окуу жылына кабыл алуу 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 6-июлда, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июлда башталат.
Анын айтымында, Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы өткөн жылдагыдай сакталат. Гранттык орундарга тапшыруу үчүн негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 балл талап кылынат. Ал эми педагогикалык жана медициналык адистиктер үчүн жогорулатылган босого балл күчүндө калат.
Ошондой эле майыптыгы бар жарандар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн негизги тесттин босого көрсөткүчү 90 балл болуп белгиленген.
Исираилова белгилегендей, учурда кабыл алуу өнөктүгүн өткөрүүгө бардык даярдык иштери аяктап, система жаңы окуу жылына толук даяр.