Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико өлкөнүн ар бир облусундагы суу объектилерин сүзүп өтүп, дүйнөлүк чемпионаттын желек эстафетасына катышууда.
Суу-мотордук спорт федерациясынан билдиришкендей, спортчу күн мурун Нарын облусундагы бийик тоолуу Көл-Суу көлүн ийгиликтүү сүзүп өттү.
"Алдыда Ысык-Көлдү сүзүп өтүү күтүлүүдө. Дал ушул жерде 2026-жылдын күзүндө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу F1H2O дүйнө чемпионаты өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул долбоор спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга, спорттук туризмди өнүктүрүүгө, өлкөбүздүн жаратылыш жана туристтик потенциалын алга жылдырууга, ошондой эле экология маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталганы белгиленет.