Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстандык белгилүү суучул Владислов Шулико Ош шаарына келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ош шаардык мэриясы суучулду тосуп алып, алдыдагы экспедицияларына ийгилик каалады. Анын эскпедициясынын программасында Папан суу сактагычын сүзүп өтүү да пландалган.
Ал 16-июнда Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычын жарым саатта сүзүп өткөн.
Белгилей кетсек, Владислав Шулико 2021-жылы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, рекорд жараткан.