Айдоочулук күбөлүк алуу: Курсанттар сынакта кандай каталарды көп кетирет?

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 18:00
625239532_18425874643143221_9074787438435917162_n.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору автомектептерден билим алган курсанттарды сынактан өткөрөт. Аталган борбордо күн сайын 270-280 курсант сынак тапшырат. Мекеменин Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн адиси Нурсултан Абдыкадыров ”Кабар” агенттигине курсанттардын сынакты тапшыруусунун жол-жобосу тууралуу түшүндүрүп берди.

472752309_1120188406782459_678453931479605664_n

Сынактын жүрүшүндө курсант унаага отургандан баштап видео камерага тартылабы?

Курсант өзү каалаган унаага эле барып отура албайт. Ар бир курсант бөлүнгөн унаага отурат. Бул тааныш-билиштикке жол бербейт. Унаада атайын видео камералар орнотулган. Биринчи камера курсант менен сынак алып жаткан кызматкердин кыймыл-аракетин тартат. Экинчи камера курсанттын унаанын ылдамдыгын кантип өзгөртүп жатканын көзөмөлдөйт. Ошондой эле унаа бараткан жол да видео көзөмөлгө тартылат. Унаада кошумча тормоз да бар. Курсант рулду башкарып баратканда авариялык абал жаралып кала турган болсо, сынак алып жаткан адис ошол тормоздун жардамы менен унааны токтотот. Ал эми үчүнчү камера сынак алуучунун төшүнө тагылат. Ал камера онлайн режимде иштеп, кызматкердин бир күндүк ишин толук видеого түшүрөт.

625770033_18425874646143221_3152329611613924298_n

Курсанттардын даярдыгы талапка жооп береби?

Курсант 8 этаптан турган сынактан өтүшү керек. Эгер анын экөөсүн тапшыра албай калса, сынактан өткөн жок деп эсептелет. Курсанттардын даярдыгы чынында начар. Айрымдары жөнөкөй эле суроолорго жооп бере алышпайт. “Коопсуздук курун эмнеге тагынасыз?” деп сураганда “камерага түшпөш үчүн тагынабыз” деп жооп бергендер да жок эмес. Жол чырак кандай иш алып барарын да билбегендер чыгат. Бул курсанттын окубаганын айдан ачык билдирип коет.

Ошондой эле өзү кайсы автомектепте окуганын так айта албагандар да болот. Күнүнө бир кызматкер 40ка жакын курсантты сынакка кабыл алат. Ошонун ичинен 3-6 курсант гана сынакты ийгиликтүү тапшыра алат.

625765170_18425874625143221_3772263696224430100_n

Сынакка 20 ирет келгендер да болуп калат. Алты айдын ичинде практикалык сынакты тапшырыш керек. Бул мөөнөттө өтө албай калса, кайра теориялык жактан сынактан өтүү керек болуп калат, анан кайра практикалык сынакка келиши шарт. Арасында кылдаттык менен даярданып келип, биринчи эле сынактан ийгиликтүү өткөндөр да бар, бирок аз санда.

Көбүнесе кандай катачылыктарды кетиришет?

Курсант унааны айдап баштаганда атайын аймакта орнотулган белгилерге жараша сынактын этаптарынан өтүп баштайт. Чу дегенде эле болочок айдоочулар унааны ордунан жылдырганда ката кетиришет. Мына ушундан анын шаар ичине чыгууга даяр эместиги билинип калат. Учурда жолдо көбүнесе авариялык абал айдоочулардын буруу баскычын (поворотник) баспай койгондон келип чыгат. Бул унааны токтотуп же көчөдөн бурулуп жатканда эң маанилүү эрежелердин бири болуп саналат.

Мотоцикл айдагандар үчүн шарттар каралганбы?

625784834_18425874628143221_2279123931884195424_n

Буга чейин борбордо мотоциклдер жок болчу. Курсанттар өздөрү мотоциклдерди алып келип, сынак тапшырышчу. Бүгүнкү күндө “А” категориясын ала тургандарга шарт түзүлүп, жаңы мотоциклдер сатылып алынган. Ошондой эле автопарк жаңы автоунаалар менен да толукталган.