Табигый кырсыкта камсыздандыруу жардамга келет: Селдин кесепеттери жана кенемтелер

Коом Загрузка... 21 Май 2026 11:11
ChatGPT Image 21 мая 2026 г., 11_24_29.png
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жалал-Абад менен Ысык-Көлдө сел катталды. Жаз-жай мезгилинде мындай табигый кырсыктар өлкө аймагында байма-бай кайталанып келет. Мындай учурларда турак жайын камсыздандырган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан кенемте төлөнүп берилери белгиленет.

19-май күнү кечинде Жалал-Абад облусунун бир катар аймактарында нөшөрлүү жамгыр жана мөндүр жаап, натыйжада Ала-Бука, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 3 үйдүн жер төлөсүнө суу кирип, Достук айылындагы жол жана эки көпүрө жабыркагандыктан каттам убактылуу токтотулган. Ал эми Жапа-Салды жана Ак-Там айылдарында сел коопсуз өттү.

Ошондой эле Аксы районунда 7 үйдүн короосун суу каптап, бир унааны сел агызып кеткен. Бир катар жолдор жана көпүрөлөр жабыркап, айрым унаа каттамдары токтотулган.

ӨКМ селдин кесепеттерин жоюу жана жолдорду калыбына келтирүү иштерин жүргүздү. Андан сырткары, кырсык учурунда жардамга келүүчү Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жер-жерлерде өз ишин улантууда.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, аталган аймактарда тактоо иштери уланууда.

"Ала-Бука районундагы кырсыктан жабыркаган үйлөрдүн учурда 30дан ашыгынын камсыздандыруу полиси бар экендиги аныкталды. Аларга мыйзам чегинде камсыздандыруу төлөмдөрү берилет. Азырынча тактоо иштери жүрүп жатат", - деди директор.

Ошондой эле ал белгилегендей, облус боюнча бүгүнкү күндө жалпы 16 028 турак жай камсыздандырылган.

Анын ичинен:

  • Аксы районунда – 2 121;
  • Ала-Бука районунда – 1 884;
  • Майлуу-Суу шаарында – 521 турак жай камсыздандыруудан өткөн.

Андан сырткары, күн мурун катуу жааган жаан-чачындан улам Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Каракол шаарында кыян жүрдү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын директору Нурлан Абдыкеевдин "Кабар" агенттигине билдирген маалыматына ылайык, селдин кесепеттери турак жайларга тийген эмес.

"Жалпысынан облуста 17 861 турак жай катталган. Жыл башынан бери 6247 турак жай камсыздандырылып, анын 1302 си Каракол шаарында жана 920 сы Ак-Суу районунда. Бул арада 3 турак жай зыянга учурап, аларга 1 млн 158 миң 511 сом кенемте төлөнүп берилген", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин, мындай табигый кырсыктар Баткен облусунда да катталган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен облусундагы филиалынын директору Жайлообек Жакшылыковдун айтымында, 1–5-май күндөрү Баткен облусунда 134 турак жайдын короосуна сел суулары кирген.

"Аталган турак жайлардын ичинен 23 жаранда камсыздандыруу полиси бар экендиги аныкталган. Натыйжада камсыздандырылган турак жайлардын ичинен 3 турак жайга зыян келтирилгендиги белгиленген.

Ал эми жалпы маалыматтар жөнүндө айта турган болсок, Баткен облусу боюнча:

  • Жалпы 102 426 турак жай катталган;
  • Бүгүнкү күнгө карата алардын ичинен 7 913ү камсыздандырылган;
  • 2026-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунда 9 камсыздандыруу учуру катталып, анын негизинде Уюм тарабынан жарандарга жалпы 1 млн 510 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз кенемте төлөнүп берилген", - деп белгиледи директор.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин “Кабар” агенттигине билдиргендей, төлөмдөр жарандардын арызы жана тиешелүү документтери тапшырылгандан кийин мыйзам боюнча 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

“Бирок, биз процессти оптималдаштырып, төлөмдөрдү 2-3 жуманын ичинде берүүгө аракет кылып келебиз. Алгач Жарандык коргоо комиссиясы жана тиешелүү органдар жеринде текшерүү жүргүзүп, чечим чыгарат. Анын негизинде акча каражаттары төлөнүп берилет”, - деди башкармалык башчысы.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөдө жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин жарандарга 22 миллион 636 миң сом төлөнүп берилди.

“Бул акыркы беш айдагы көрсөткүч. Учурда өлкө боюнча 1 млн 351 миң 333 үй Турак жай фондунда каттоодо турат. Анын ичинен быйылкы жылы турак жайлардын 26,21 пайызы камсыздандырылды. Ал эми 2025-жылы 357 миң 480 турак жай камсыздандырылып, көрсөткүч 28,56 пайызды түзгөн. Атап айтканда дээрлик жарым жылдын ичинде турак жайлардын 26,21 пайызы камсыздандырылды”, - деди ал.

Анын айтымында, уюм өлкөдө турак жайларды табигый кырсыктардан жана өрттөн камсыздандыруу менен алектенген жалгыз мекеме болуп саналат.

“Биздин иш мамлекет жана президент тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ошондуктан мекеменин уставдык капиталы 1 млрд 144 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Бул каражат банктык эсепте сакталат жана кандайдыр бир кырсыктар катталганда жарандарга кепилдик берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Андыктан, эл арасында биздин компанияларга болгон ишеним жогору”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал акыркы окуялар боюнча аймактык филиалдар маалыматтарды тактап жатканын кошумчалады.

“Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат. Жагдайлар такталгандан кийин филиалдар кенемтелерди төлөп берет. Камсыздандырууга турак жайлар гана кирет, сарай сыяктуу көмөкчү курулуштар камтылбайт”, - деди Осмоналиев.