Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Таиландда Улуттук ассамблеянын төмөнкү палатасына өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурдагы шайлоодо “Пхумчайтхаи” (“Таиланддын сыймыгы”) партиясы жеңишке жетти. Аны азыркы премьер-министр Анутхин Чанвиракун жетектейт. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасына таянып, Интерфакс маалымдайт.
Анда белгиленгендей, добуштардын 94%ы саналгандан кийин аталган партия парламенттеги 500 мандаттын 194үн алган. Экинчи орунда “Элдик партия" - 116 мандат, үчүнчү орунда популисттик “Пхыа Тхаи” партиясы - 76 мандат.
Шайлоого катышкандар 64%ды түзгөн.
Ал күнү референдум да өткөрүлүп, азыркы Конституцияны алмаштырып, жаңысын кабыл алуу керекпи деген суроо коюлган. Азыркы Конституция бийликтин укуктарын өтө күчөтүп жиберген деп сындалып келет. Акыркы маалыматтар боюнча, шайлоочулардын 60%ы жаңы Конституцияны иштеп чыгуу керек деп добуш берип, 32%ы каршы чыгып, калгандары добуш берген эмес.
Белгилей кетсек, Таиланддын парламентинин төмөнкү палатасы 2025-жылдын декабрында, азчылыктын өкмөтү өлкөнү натыйжалуу башкара албай жатат деген жүйө менен таркатылган.