Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Талас шаарынын борбордук аянтында балдар жана алардын ата-энелери үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Талас шаардык мэриясы билдиргендей, уюштуруучулар күнү бою улана турган кызыктуу жана бай программаны даярдашты.
Иш-чаралардын программасы:
Күндүзгү блок (башталышы саат 10:00дө):
- Майрамдын салтанаттуу ачылышы;
- Олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи;
- Облустук бий фестивалы;
- Спортук оюндар;
- Сүрөт тартуу конкурстары;
- Чоң куурчак театрынын оюну;
- "Кырк-Чоро" кинотеатрында акысыз мультфильмдер:
- 10:30 – 12:15
- 14:00 – 15:45
Кечки программа (башталышы саат 17:00дө):
- салтанаттуу ачылыш;
- интерактивдүү оюндар;
- балдар дискотекасы;
- викторина;
- "Айкөл" бий академиясынын отчёттук концерти.