Таласта элдик жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн аткарылышы каралды

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Күн мурун президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев атайын жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык уюштурулган элдик жыйындардын жыйынтыгы жана анда жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы талкууланды.

Эрмат Жумаев көтөрүлгөн ар бир маселенин аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болушу керектигин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине берилген тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну милдеттендирди.

Белгилүү болгондой, президенттин тапшырмасынын негизинде үстүбүздөгү жылдын 12–23-май күндөрү Талас облусунун бардык райондорунда жана Талас шаарында элдик жыйындар өткөрүлгөн. Анда тургундардын көйгөйлөрү угулуп, көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилген.

Жарандар тарабынан негизинен төмөнкү маселелер көтөрүлгөн:

  • сугат жана таза суу менен камсыздоо;
  • жер мунапысы, жер, жайыт жана трансформация маселелери;
  • электр мамыларын жаңылоо жана электр энергиясы менен камсыздоо;
  • жолдорду оңдоо жана асфальттоо;
  • мектептерди, бала бакчаларды, ФАПтарды жана башка социалдык объекттерди куруу;
  • коомдук транспортту жана инфраструктураны жакшыртуу;
  • спорт залдарын жана маданият объекттерин куруу.