Таласта жеңилдетилген насыя алгандарга мониторинг жүргүзүлдү

Аймак Загрузка... 07 Апрель 2026 11:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы "Элдик Банк" менен биргеликте жеңилдетилген насыя алган фермерлерге жеринде текшерүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда фермерлер тарабынан алынган насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы каралды. Адистер насыяга алынган малдын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты.

Ошондой эле төө буурчак кабыл алуучу кампанын учурдагы абалы боюнча жеринде маалымат алынды.

Жыйынтыгында насыя алуучулардын каражаттарды максаттуу пайдаланып жатканы, учурдагы иштердин абалы канааттандырарлык деңгээлде экендиги аныкталды.