Ташкентте "Борбор Азия – Корея" саммитине даярдыктар талкууланды

Саясат Загрузка... 17 Июнь 2026 16:30
adb5e23d-6ba7-3a8f-ac6b-6441bf727f40.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Күн мурун Ташкент шаарында "Борбор Азия – Корея Республикасы" биринчи саммитине даярдык көрүүгө арналган улук кызматкерлердин II кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ага Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин директору Канат Турсункулов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эң жогорку деңгээлдеги жолугушууну уюштуруунун актуалдуу маселелери жана бул форматтагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, кеңешменин алкагында Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ый Хэ Чонг менен эки тараптуу жолугушуу өттү.

Тараптар кыргыз-корей өнөктөштүгүнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, ошондой эле алдыдагы саммиттин алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

40df07bd-2821-304e-a81c-78cc8760cf7b