Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Акыркы жылдары Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп, дээрлик 30 миңге жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда саясий багыттагы иштер бир кыйла жакшырды.
“Жогорку деңгээлде, президенттин, өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сапарлары байма-бай уюштурулууда. Бизнес-делегациялар жылына кеминде эки ирет келип жатат. Бизнес форумдар өтүүдө. Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жетип, дээрлик эки эсеге өстү. Германияга барып окуп, иштейбиз деген жаштардын саны көбөйүп, эки эсеге жогорулады. Ал эми Польшага кирүү жеңил болгондуктан, ал жакка кеткендердин саны он эсе өскөнү байкалыптыр”,-деп белгиледи ал.