Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Тилек Мамадалиев саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев министрдин биринчи орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды.