Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш 60 миң куб метрди түзөт

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 10:25
tash.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн ири көлөмдөгү таштын болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кырсык катталган тилкеде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

"Таш көчкүнү тазалоо иштерине учурда 2 экскаватор, 2 ХОВО унаасы жана 2 погрузчик тартылды. Ошондой эле кошумча жардам катары башка аймактардагы жол тейлөө ишканаларынан да атайын техникалар мобилизацияланууда", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

  1. Аталган багыт боюнча убактылуу каттамга чыкпай туруу;
  2. Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин кынтыксыз аткаруу;
  3. Жеринде иштеп жаткан жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн жана талаптарын так сактоо.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырымдарынын аралыгында ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүп, унаа кыймылы убактылуу токтотулган. Натыйжада жол кыймылы убактылуу жабылган.