Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бүгүн Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Мамлекеттик бажы кызматында болду.
Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын жүрүшүндө ага Кыргызстандын бажы системасын реформалоонун жыйынтыктары тааныштырылды. Бул реформалар бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ачык-айкындуулукту жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Өзгөчө көңүл Мамлекеттик бажы кызматынын санариптештирүү тармагындагы жетишкендиктерине бурулду. Делегацияга негизги процесстерди автоматташтырууну камсыз кылган, "Бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүргөн жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулаткан заманбап маалыматтык системалар көрсөтүлдү.
Белгиленгендей, бажы процесстерин санариптештирүүнүн натыйжасында 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылы автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 554%, ал эми бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 654% өстү. Бул жүргүзүлүп жаткан реформалардын жогорку натыйжалуулугун айкын көрсөтөт.
Ошондой эле кызматтын Кырдаалдык борбордун иши өзүнчө тааныштырылды. Бул борбордо өткөрүү пункттарындагы бардык процесстер онлайн режиминде көзөмөлдөнүп, агымдар талданып, ыкчам башкаруу чечимдери кабыл алынат.
Того тарап Мамлекеттик бажы кызматынын санариптик трансформациясынын жыйынтыктарын жогору баалап, Кыргызстандын тажрыйбасын изилдеп, ушуга окшош чечимдерди Того Республикасында ишке киргизүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Сапардын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик системаларды модернизациялоо жана санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууну жана кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.