Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Токтогул районунан Бишкек жана Чүйгө ири өлчөмдөгү баңгизат ташып бараткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат жеткирүү менен алектенген 1983-жылы туулган Ж.З.И., 1981-жылы туулган М.М.Б. жана 1983-жылы туулган И.А.К. аттуу жарандар кармалды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш жоопкерчилигине алып келет жана адамдардын тагдырын талкалайт. Өзүңүздү жана жакындарыңыздын тагдырын тобокелге салбаңыз. Баңгизат кылмыштарына катышуудан баш тартыңыз.