Токмокто ишкерлерди опузалап, акча алып жүргөн жактоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 18 Май 2026 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча мыйзамсыз схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 1989-жылы туулган жеке жактоочу Ц.Д.В. белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген.

Тактап айтканда, ишкерлерге ИИМ, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.

15-майда "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында талап кылынган 15 миң доллар алып жаткан жеринен Ц.Д.В. кармалды.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Ц.Д.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.