Жайытты мыйзамсыз пайдалануу: Лейлекте тургунга 84 миң сомдук доо коюлду

Укук тартиби Загрузка... 03 Июль 2026 10:05
Lejlek.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарынын тургуну жайыт жерин мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен облусундагы аймактык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, жаран өз алдынча короо куруу максатында 600 чарчы метр жайыт жердин кыртышын мыйзамсыз бузганы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча жаранга административдик протокол түзүлүп, 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

"Мындан тышкары, жерге келтирилген зыян үчүн 84 миң 200 сом өлчөмүндө доо эсептелип, аны мыйзамдын талаптарына ылайык өндүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.