Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Каракол шаардык прокуратурасы мэрияда бюджеттик каражаттардын сарпталышын текшерүү учурунда ири өлчөмдөгү мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын муктаждыктары үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 млн 700 миң сомго 31 даана атайын техника сатып алынган. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө алардын бир бөлүгү белгиленген ченемдерге жана техникалык талаптарга жооп бербей турганы ачыкталган.
"Тактап айтканда, 5 таштанды ташуучу, 3 өзү түшүрүүчү жүк ташуучу жана 2 жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер табылган. Мунун кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана анын жүрүшү прокуратуранын түз көзөмөлүнө алынды.