Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда эки жарандын Кемин районунун Орловка шаарында эндуро мототехникасы менен жашыл шибердин үстүндө жүргөн видеосу боюнча чара көрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, инспекторлор видеону жарыялаган жаранды тактап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Натыйжада ал өз күнөөсүн толугу менен моюнга алып, башкармалыкка өз ыктыяры менен келген. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлдү. Мындан тышкары, мыйзам бузган жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукту жаратылышты коргоого жана жашыл аймактарды сактоого чакырган кайрылуу жасады",-деп айтылат маалыматта.