Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. 23-25-июнда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.
Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында жол куруу жана оңдоо объекттериндеги иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо, аткарылган иштер боюнча белгиленген мөөнөттөрдө маалымат берүү милдеттендирилди.
"Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол белгилерин, жол чийиндерин жана тосмолорду калыбына келтирүү, сырдоо иштерин толук аяктоо, жаан-чачын сууларынын топтолушуна себеп болгон көйгөйлөрдү жоюу, суу өткөрүүчү курулмаларды орнотуу жана жолдун профилин оңдоо боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.