Туристтик поезд: Бишкекке Европадан 90дон ашык турист келди

Туризм Загрузка... 17 Апрель 2026 13:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Улуу Британиядан “Golden eagle trains” компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азиядан туристтер келишти.

Темир жол бекетинин аймагында туристтерди салтанаттуу тосуп алышып, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.

Андан соң алар Бишкек шаарына экскурсияга чыгышты.

Ишканадан белгилешкендей, туристтердин Кыргызстандагы сапары бир күн мурда башталган. Туристтик поезд менен жалпысынан 90дон ашык турист келген.