УКМК “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүн кармады

Укук тартиби Загрузка... 09 Апрель 2026 17:52
WhatsApp Image 2026-04-09 at 17.30.01.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ж.Э. аттуу жарандын экстремисттик идеологияны жайылтуу, үгүт жүргүзүү, материалдарды таратуу жана каражат чогултуу менен алектенип келгендиги аныкталды.

Шектүү тергөө абагына киргизилди. Уюмдун байланыштарын жана түзүмдөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.