УКМКнын госпиталында уникалдуу операциялар жасала баштады

Ден соолук Загрузка... 12 Июнь 2026 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматында заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку технологиялуу хирургиялык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

Атайын кызматтан билдиришкендей, аскердик ооруканада бейтаптарды дарылоонун натыйжалуулугун жогорулаткан алдыңкы медициналык технологиялар колдонула баштады.

"Жаңы технологиялардын жардамы менен эми операция учурунда дене чоң тилинбей, кичинекей тешиктер аркылуу гана жасалат. Бул ыкма бейтаптын тез айыгышына шарт түзөт. Ошондой эле дарыгерлер бир эле жолу наркоз берүү менен бир нече ооруну бир убакта ийгиликтүү операция кыла башташты. Бул бейтаптын организмине келүүчү оорчулукту жеңилдетет. Мындай алдыңкы тажрыйба жана заманбап жабдуулар УКМКнын Аскердик-медициналык кызматына медициналык жардамды эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө жол ачууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул багыттагы иштер хирургия кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтип, аскердик медицинанын мындан ары өнүгүшүн камсыздайт.