Жеке клиникалардан арзан: Баткенде алгачкы мамлекеттик томограф ишке кирди

Ден соолук Загрузка... 12 Июнь 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борбору өз каражатынын эсебинен компьютердик томография аппаратын сатып алды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул аппарат облустагы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун өз каражатына сатып алынган мындай деңгээлдеги алгачкы жабдуу болуп саналат.

"Жаңы жабдуунун пайдаланууга берилиши региондун калкы үчүн заманбап диагностикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, ар түрдүү ооруларды өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет. Мында аппараттан өтүүнүн баасы жеке менчик медициналык уюмдарга салыштырмалуу төмөн болот. Бул жогорку технологиялуу диагностиканы Баткен облусунун тургундары үчүн дагы жеткиликтүү кылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кадамжай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф орнотулган. Бирок ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында алынган.