Улан Маматканов минкаб төрагасынын орун басарынын милдетин аткарат

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 15 Апрель 2026 09:35
670874150_26469661855988683_2442311215887603379_n.jpg

Бишкек, 15.04.26./ Кабар/. Маматканов Улан Эркинович министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Маматканов Улан Эркиновичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Белгилей кетсек, ал АКШга элчи болуп кеткен Эдил Байсаловдун ордуна убактылуу дайындалды.