Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 21-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи катары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чара Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына карата уюштурулууда. Конференцияга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышууда.
Иш-чара өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда улуттук иденттүүлүктүн, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын ролун талкуулоо максатын көздөйт. Ошондой эле конференциянын алкагында коомдук туруктуулукту, конфессиялар жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо багытындагы актуалдуу маселелер боюнча илимий жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу каралууда.
Конференцияда улуттук иденттүүлүк, руханий баалуулуктар, диний сабаттуулук, жаштар саясаты, жарандык иденттүүлүк, глобалдашуу шартындагы маданий жана руханий чакырыктар, радикалдашуунун алдын алуу маселелери боюнча баяндамалар жасалат.
Жыйынтыгында резолюция кабыл алынары күтүлүүдө.