"Ала-Арча" жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков экологиялык чектөөлөр киргизилгенден кийинки жылдын жыйынтыгы, инфраструктураны өнүктүрүү жана паркка келүүчүлөрдүн кызыгуусунун өсүшү тууралуу "Кабар" агенттигине айтып берди.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-майынан тартып парктын аймагына бензин, дизель жана газ кыймылдаткычтары менен жүргөн унаалардын кирүүсүнө тыюу салган токтом күчүнө кирген. Ошондой эле белгиленбеген жерлерде от жагууга жана тамак-аш жасоого тыюу салынган. Анын ордуна аймакта газ жабдуулары, казандар жана мангалдар менен жабдылган 44 стационардык зона уюштурулду. Бул аракеттер коопсуздук чараларын жогорулатууга жана жаратылыш чөйрөсүн сактап калууга мүмкүндүк берди.

Директордун айтымында, кабыл алынган чечимдер байкаларлык натыйжа берип, таштандылардын көлөмү кыйла азайган.
“Эгер мурда ай сайын 350 тоннага чейин таштанды чыгарылса, азыр бул көрсөткүч 100–150 тоннага чейин төмөндөдү. Парк кыйла тазарып, өсүмдүктөр калыбына келип, жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө. Жыл сайын паркка ар кандай түрдөгү 1000ден 1 миң 500гө чейин дарак отургузулат. Адамдар жөө басып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасай башташты”, - деди ал.

Буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Ала-Арчада” эс алуучулар таштандыны аз таштай баштаганын белгилеген. Анткени ал жерде жеткиликтүү баада ресторандар жана конок үйлөрү пайда болгон. Анын айтымында, буга чейин тиешелүү инфраструктура жок болгондуктан, эс алуучулар ар кайсы жерлерге отруп тамактанышып, өздөрүнөн кийин көп таштанды калтырып кетишчү. Учурда паркта эс алуучулар үчүн жеткиликтүү баада ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Парктын директору белгилегендей, "Ала-Арчада" инфраструктура активдүү өнүгүүдө. Отургучтар орнотулуп, аялдамалардын жана унаа токтотуучу жайлардын саны көбөйүүдө, өткөрүү пункттары кеңейтилүүдө. Парктын аймагына кирүү толугу менен санариптештирилген.
Жаңылануулардын маанилүү бөлүгү болуп экологиялык транспортту ишке киргизүү эсептелет. Парктын аймагында каттаган автобустарга карата жакшы пикирлер айтылууда. Анткени автобустар бир каттамында эле 60ка жакын адамды ташыйт. Бул жеке унааларды айдаганга салыштырмалуу жаратылышка болгон зыяндуу таасирди бир топ азайтат.
Ал кошумчалагандай, учурда паркка келгендердин саны жогору бойдон калууда. 2025-жылдын май айынан декабрь айына чейин "Ала-Арчага" 470 миңге жакын адам келген. 2026-жылы эсептөө январь айынан бери жүргүзүлүп, парк орто эсеп менен жума сайын 18 миңге жакын жаранды кабыл алууда.

Ошондой эле Жекшенбеков парктын аймагында олуттуу эреже бузуулар катталбаганын, айрым учурларда гана эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын билдирди.
"Ушул жылдан тарта расмий сайтта жана кире бериштеги маалыматтык такталарда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабагандар үчүн административдик айып пулдарды киргизүү пландалууда", — деп белгиледи ал.
Ал паркта тоо эчкилери, жапайы камандар, эликтер, түлкүлөр, сүлөөсүндөр, ошондой эле бүркүттөр байырлай турганын билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы күрөң аюулардын пайда болгону байкалган.

Жекшенбеков туристтерди тартуунун кошумча фактору катары үстүбүздөгү жылдын 18-февралында ачылган асма жолду атады. Бул Кыргызстандагы биринчи асма жол болуп, келгендердин чоң кызыгуусун жаратты. Асма жол конокторду деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктиктен 2500 метр бийиктикке чейин көтөрөт. Учурда жалпысынан ар кандай сыйымдуулуктагы 16 кабина иштеп жатат.

Жекшенбековдун маалыматы боюнча, 2025-жылы паркка келүүлөрдөн 262 млн 652 миң сом каражат түшкөн. Бул каражаттар президенттин Иш башкармалыгынын бюджетине багытталып, парктагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө жумшалмакчы.
Бүгүнкү күндө "Ала-Арча" жаратылыш паркы эс алууга ыңгайлуу, жаратылыш менен аяр мамиледе болуу үчүн коопсуз, таза, тынч жана экологиялык жактан туруктуу жай болуп саналат.