Вьетнам туристтерге жаңы талап киргизди: Эми QR-код алуу шарт

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-06-03 at 09.05.30.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Вьетнамдын иммиграциялык кызматтары Фукуок аралына келе турган чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы кирүү эрежесин киргизди. 1-июндан тартып саякатчылар өлкөгө киргенге чейин атайын онлайн-анкетаны толтуруп, QR-код алышы керектигин Интерфакс кабарлайт.

Анда белгиленгендей, жаңы тартипке ылайык туристтер сапарга чейин 72 саат мурда Pre-arrival Information (PAI) системасы аркылуу каттоодон өтүшөт. Анкетага паспорттук маалыматтар, учак каттамдарынын даталары жана жайгаша турган мейманкана же турак жай тууралуу маалымат киргизилет. Анкетаны толтургандан кийин берилген QR-код паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө көрсөтүлөт.

Вьетнам бийлиги бул система чек арадагы жол-жоболорду тездетип, аэропорттордогу кезектерди кыскартууга жардам берерин билдирүүдө. Ошондой эле алдын ала берилген маалыматтар өлкөнүн заманбап жана туристтер үчүн ыңгайлуу багыт катары аброюн чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

Маалыматка караганда, келечекте мындай талап Нячанг жана Муйне курортторуна келген туристтердин негизги агымын кабыл алган Камрань аэропортунда да киргизилиши мүмкүн.