Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев "Кабар подкастта" Бишкек жана Ош шаарларында абанын булганышын азайтуу үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Анын маалыматына караганда, ыш маселеси жылытуу мезгили жакындаган сайын эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бирине айланат.
"Буга чейин мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары карачумун, ал эми азыр аны чечүү жоопкерчилиги министр катары менин мойнумда турат", — деди Токтобаев.
Ал донорлордун колдоосу менен Бишкекте абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү 11 станция орнотуларын маалымдады.
Ошондой эле министрлик абанын, суунун жана кыртыштын сапатына анализ жүргүзө турган эки мобилдик экологиялык лаборатория сатып алууну пландаштырууда. Алардын бири өлкөнүн түндүк аймактарында, экинчиси түштүктө иштейт.
Министр ыш менен күрөшүүнүн негизги багыттарынын бири катары газдаштырууну өнүктүрүүнү жана жеке үйлөрдүн жашоочуларын экологиялык жактан таза жылытуу тутумдарына өткөрүүнү атады. Бул максатта жеңилдетилген насыялардын пайыздык чендери төмөндөтүлгөн: газ казандарын сатып алууга – 3%га чейин, ал эми жылуулук насосторун сатып алууга – 6%га чейин.
Токтобаевдин айтымында, мындай жеңилдетилген каржылоону "Элдик Банк", "А Банк" жана "Бакай Банк" аркылуу алууга болот. Ал жарандарды кышка даярдыкты кечиктирбей, азыртадан эле жылытуунун экологиялык түрлөрүнө өтүүгө чакырды.
Министр ыш менен күрөшүү комплекстүү мамилени талап кыларын кошумчалады. Жылытуу тутумдарын модернизациялоо менен катар, автотранспорттон чыккан зыяндуу газдарды азайтуу боюнча да иштер улантылууда.
"Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте газ анализаторлордун жардамы менен унааларды текшерип жатышат, ал эми зыяндуу газдардын жол берилген ченемден ашып кетиши үчүн айып пулдар каралган. Бул – бир жылда эле чечип коюуга мүмкүн болбогон көйгөй. Бирок, мамлекет жана министрлик абанын сапатын жакшыртууга багытталган чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырууда", — деди министр.