Ысык-Атада бала бакча мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 29 Июнь 2026 10:30
802620.b36f860380c5e9eda43940f5a2a94680.500-3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

"Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында 20 млн сомго бааланган жогоруда аталган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
731808550_895689040234634_4812789397171987430_n