Ысык-Атада кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Аймак Загрузка... 29 Июнь 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Жекшембаев район акими Алмазбек Рахманкулов менен биргеликте Кочкорбаев айыл оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Район боюнча жалпы 21 миң 575 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери айдалган, анын ичинен 8 миң 186 гектарын буудай түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Район акими Алмазбек Рахманкулов оруп-жыйноо иштерин жүргүзүүдө дыйкандарга бардык шарттарды түзүп берүүнү тапшырды.