Түптөгү жол курулушу: 70 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт

Аймак Загрузка... 29 Июнь 2026 12:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Түп районунда быйыл 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Аткарылып жаткан жана пландагы иштер:

  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө жумуштары башталды.
  • Түп – Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүүдө.
  • Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
  • Түп – Шаты – Ичке-Суу – Талды-Суу унаа жолунда 7,2 чакырым жол оңдолот.
"Мындан тышкары, асфальт төшөлгөн Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин чийүү иштерине даярдык көрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.