Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда мониторинг жүргүзүлүүдө.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынан билдиришкендей, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен биргеликте 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды.
Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтердин толук эместиги аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча ишкана жетекчилерине эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, текшерүү жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.