Ошто жаңы айланма автобус каттамы ишке кирет

Аймак Загрузка... 29 Июнь 2026 12:40
WhatsApp_Image_hGv431x.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Ош шаарында жаңы айланма автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу коомдук транспортту оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги отурумунда айтылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда айланма автобус каттамынын схемасы бекитилди.

"Негизги максат шаар тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жол убактысын кыскартуу жана автобустардын ишин натыйжалуу кылуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
735134109_1556538492751240_523322699820936296_n

Комиссия алдыда муниципалдык унаа ишканасы тейлеген бардык автобустук каттамдарды кайра карап чыгат. Каттамдар шаардагы жаңы жолдорго жана жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына ылайыкталат.