Ташкент, 18.02.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге улуттук жасалма спутникти орбитага чыгаруу боюнча баштапкы иштердин жүрүшү жана биринчи өзбек космонавтын даярдоо маселелери тууралуу маалымат берилди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сунушталган стратегиянын алкагында 2028-жылы 6U форматындагы "Мирзо Улугбек" аттуу илимий наноспутникти учуруу пландалууда.
Долбоор менен таанышуу учурунда мамлекет башчысы космостук технологияларды пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугуна көңүл бурду. Анын айтымында, спутниктен алынган маалыматтар аркылуу көзгө байкалбаган мүмкүнчүлүктөрдү аныктап, аларды бюджетке киреше алып келе турган багыттарга айландырууга болот.
Шавкат Мирзиёев спутник учуруу долбоорлору боюнча каржылык эсептөөлөрдү тактоо жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Ал бул тармакты өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн маанилүү багыты катары белгиледи.
Маалыматка ылайык, 6U форматы CubeSat классына кирген чакан спутниктердин стандарты болуп саналат. Анда 1U өлчөмү 10 сантиметрлик кубга барабар. Ошентип, "Мирзо Улугбек" спутниги болжол менен 10×20×30 сантиметр өлчөмүндө болот. Чакан көлөмүнө карабастан, заманбап технологиялар анын бортуна олуттуу илимий жабдууларды жайгаштырууга мүмкүндүк берет.