Ташкент, 06.03.26. /Кабар/. Өзбекстан дүйнөлүк рынокто алтындын баасы тарыхый жогорку деңгээлге жеткен шартта анын экспортун убактылуу токтотуу чечимин узартты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен жазышты.
Маалыматка ылайык, жылына болжол менен 130 тонна алтын өндүргөн өлкө глобалдык геосаясий туруксуздук шартында баалуу металлды топтоо стратегиясына өткөн. Монетардык эмес алтындын экспорту өткөн жылдын ноябрь айынан бери дээрлик жүргүзүлгөн жок. Ноябрдан январга чейин жеткирүүлөр толугу менен токтоп, 2025-жылдын октябрь айында экспорт көлөмү минималдуу деңгээлде болгон.
Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылы Өзбекстан алтынды рекорддук көлөмдө — 9,9 млрд долларга экспорттогон. Ал эми Борбордук банктын өкүлүнүн айтымында, алтын боюнча операциялар рыноктогу учурдагы абалга жараша жүргүзүлөт. Экспорт качан кайра жанданары азырынча так айтылган жок.
Серепчилердин баамында, мындай чечим алтындын баасы мындан ары дагы өсүшү мүмкүн деген күтүүлөр менен байланыштуу. Ошол эле учурда өлкө эл аралык резервдерин көбөйтүүнү улантууда. Өткөн жылы Өзбекстандын Борбордук банкы дүйнөдө алтынды эң көп сатып алган 10 өлкөнүн катарына кирген. Январь айында өлкөнүн жалпы резервдери дээрлик 18 пайызга өсүп, 65 млрд долларга жетип, анын 86 пайыздан ашыгын алтын түзгөн.